Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 01.11.2018 12:34

Төө-Ашууда 35 см калыңдыкта кар жаады

Turmush -  Бүгүн, 1-ноябрда саат 9:00гө карата негизги унаа жолдордогу ашууларда кар жаап, жолдор тайгак болууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек–Ош унаа жолунун 121-128-чакырымдарындагы ашуунун (Төө-Ашуу ашуусу) түндүк тарабында кардын орточо бийиктиги 5-15 см, түштүк тарабындагы 132-137-чакырымдарында 5-35 см түзөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңгон.

Өтмөк–Талас унаа жолундагы 0-14 чакырымдарында (Өтмөк ашуусу) кардын орточо бийиктиги 5-15 см түзөт. Жолдор тайгак жана муз тоңгон.

Бишкек–Ош унаа жолунун 198-246-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайы) жолдун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңгон. Кардын орточо бийиктиги 2-10 см түзөт.

Бишкек–Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда кардын орточо бийиктиги 2-15 см түзөт.

Каракол–Эңилчек унаа жолунун 55-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кардын орточо бийиктиги 2-15 см түзөт. Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңгон.

Барскоон–Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунун 62-68-чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 5-15 см түзөт. Жолдор тайгак жана муз тоңгон.

Түп–Кеген унаа жолунун 43-76-чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 5-12 см түзөт, жолдор тайгак, муз тоңгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×