Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 01.11.2018 11:29

Депутат Апрель революциясында снайперди аткан Э.Кыштобаевди акыркы сапарга узатууга өкмөттөн эч ким барбаганына нааразы

Turmush -  Бүгүн, 1-ноябрда парламенттин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков Апрель революциясында эрдик кылган Эмил Кыштобаевди акыркы сапарга узатууга өкмөттөн эч ким барбаганына нааразы болду.

Депутаттын айтымында, акыркы сапарга узатуу зыйнаты кечээ өткөн.

«Апрель революциясында эрдик жасаган 2 адам бар. Бири — Абдраим Касымов, экинчиси — Эмил Кыштобаев. Биринчиси танкада болсо, экинчиси Ак үйдүн үстүндөгү снайперлерди автомат менен аткан. Тилекке каршы, Касымов ушул жайда, ал эми Кыштобаев кечээ каза болуп калды. Анын үй-бүлөсүнө 100 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөткөн президентке рахмат. Бирок өкмөттөн бир дагы адам барган жок, болгону губернатор менен аким жүрдү. Боронов жана мамлекеттик комиссиянын төрагасы барган жок. Эгерде Апрель революциясы болбогондо ал Чүй облусунун жетекчиси болмок. Биз Апрель революциясынын маанисин унутуп калдыкпы? Муну кандай түшүнсөк болот? Бул деген чыккынчылык», - деди ал.

Момбеков белгилегендей, Касымов менен Кыштобаев эрдиктери үчүн мамлекеттен жардам сурашкан эмес.

«Алар жасаганын доомат кылып, батир же дагы башка нерсе сатып берүүнү суранган эмес. Мамлекеттик комиссия түзүлсө дагы эч кандай жардам көрсөтүлбөптүр. Учурда алардын ар биринин бештен балдары калды. Мен аларга жардам берип, батир маселесин чечип берүүнү өтүнөм», - деди депутат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×