Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 01.11.2018 10:41 На русском

Депутат И.Өмүркулов КСДПнын аны партиядан чыгаруу боюнча чечимине оюн билдирди

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов бүгүн, 1-ноябрдагы маалымат жыйында КСДПнын саясий кеңешинин аны партиядан чыгаруу чечимине комментарий берди.

Анын айтымында, аны партиядан чыгаруу чечимин бир ууч адамдар чыгарган.

«Көрсө отурумга саясий кеңештин 7-8 мүчөсү гана катышыптыр. Калгандары күн тартибинде мындай маселе турганына таң калып жатышат. Бул мыйзамсыз... Мен протоколду көргөн жокмун. Ким добуш берген? Протоколдо фамилиялар жок», - деди ал.

Депутат мындан тышкары А.Атамбаевди КСДПнын катарынан чыгарууну демилгелеген адамдар менен болгон жолугушуусу жөнүндө маалымат берди.

«Ооба, мен делегацияна кабыл алгам. Мен бул маселе боюнча өзүмдүн позициямды айткан эмесмин», - деди Өмүркулов.

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылы боюнча комментарий берип жатып, «бул маселени эми чечебиз» деди депутат.

«Мындан ары эмне кылыш керектигин жашоо көрсөтөт. Реакция болот, мен бул партияга көчөдөн келген жокмун. Мен үчүн мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы барынан жогору.

Мен мыйзамдарды, партиянын уставын бузган жокмун. КСДПда 25 жылдан бери жүрөм. Бул убакытта аны менен чогуу көп кыйынчылыктарды — Акаевдин президенттигинен Бакиевдин президенттигине чейин көрдүм. Керек болсо менин үй-бүлөмө кол салуу болгон учурда да мен партияда калдым. Менин иним керек болсо жарадар болгон», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×