Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 31.10.2018 20:11 На русском

КСДПнын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгарды

Turmush -  КСДП саясий партиясы Өмүркулов Иса Шейшенкуловичти партиянын мүчөлүгүнөн чыгаруу чечимин кабыл алды. Буга анын партиянын негизги максатына, милдетине жана уставына каршы чыкканы себеп болгон.

КСДПнын штабы тараткан маалымат боюнча, КСДП парламенттик фракциясынын Жогорку Кеңештеги депутаттарына И.Өмүркуловду парламенттик фракциянын лидерлигинен четтетүү сунушталды.

«КСДПнын саясий кеңешинин регламентинин 3,1 пунктуна ылайык И.Өмүркуловдун ыйгарым укуктары партиядан чыгарылгандыктан токтотулду», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×