Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 31.10.2018 16:37 На русском

Бишкек шаардык сотунун имаратында Икрам Илмияновдун тарапташтары чогулду (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 31-октябрда Бишкек шардык сотунун имаратына Икрамжан Илмияновдун тарапташтары чогулушту. Шаардык сотто бүгүн анын баш коргоо чарасын өзгөртүү арызы каралат.

20-октябрда Биринчи май райондук соту И.Илмияновду 28-ноябрга чейин УКМКнын абагында камакта болсун деген чечим чыгарган. Анын жактоочусу Сергей Слесарёвдун айтымында, КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 166-берене (алдамчылык) боюнча айып тагылган.

И.Илмияновдун кармалганын АКИpress агенттигине УКМКнын басма сөз кызматы тастыктаган болчу. Булактар аркылуу маалым болгондой, Икрамжан Илмиянов «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын Москва—Бишкек каттамы менен 20-октябрга карган түнү саат 03:00 чамасында алынып келди.

Ага издөө жарыяланганын 19-октябрда УКМК маалымдаган болчу. Социалдык түйүндөрдө 18-октябрда Икрамжан Илмияновду сыртынан камакка алуу жөнүндөгү баш коргоо чарасы тууралуу соттун токтому тараган. Анда сыртынан УКМКнын тергөө изоляторуна камакка алынганы жазылган.

Токтом

КСДП эмне дейт?

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева партия Икрамжан Илмияновдун тышынан камакка алынганы жөнүндөгү маалыматты 18-октябрда ЖМКдан билгендигин кабарлады.

Анын айтымында, КСДП И.Илмиянов менен акыркы жолу жайында байланышкан. Ал учурда И.Илмиянов апасын дарылатуу үчүн Москвада жүргөн болчу.

«Ал шайлоодон кийин партиялык иштерден алыстаган. Саясаттан кетип жаткандыгын, чарчагандыктан эс аларын айткан», - деген Жолдубаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×