Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 31.10.2018 11:04 На русском

Бишкекте Сириядагы террористтерге 100 миң доллар салган жигит кармалды

Turmush -  14-октябрда Бишкекте УКМК кызматкерлери эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү болуп эсептелген кыргызстандык О.У. аттуу адамды кармады. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, аны (28 жашта) текшерүү учурунда жанынан КРнын жасалма паспорту табылган. Аталган паспорт эл аралык террористтик уюмдун дагы бир мүчөсү, мурда Сириядагы согушка катышкан А.Р.га таандык болгон. Кармалган адам террористтик уюмдун мүчөсү катары Сириядагы өнөктөштөрүнө жардам кылып акча салып турган. Алдын ала маалыматтар боюнча О.У. Сирияга 100 миң долларга жакын акча салган. Ага карата этникалык, диний, рассалык кастыкты жаратуу, террористтик ишмердүүлүктү каржылоо, документтерди жасалмалоо беренелери менен кылмыш иш козголду.

Кармалган адам камакка алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×