Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баракелде, Бишкек 31.10.2018 09:37

31-октябрдан 2-ноябрга чейин жаан жаап, арты карга айланышы мүмкүн

Turmush -  31-октябрдан 2-ноябрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлүп, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-2-ноябрда Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан карга айланып, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл жана Нарын облустарында секундасына 17-22 метрге чейин жетиши ыктымал.

1-3-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° суук, +2° жылуу болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 9…14° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -2…-7° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -5…-10° суук болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×