Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 30.10.2018 15:25 На русском

Бишкекте 24 жаштагы кызды «Хонда Степвагон» сүзүп кетти

Turmush -  Бишкек шаарындагы Москва жана И.Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде «Хонда Степвагон» унаасы жаш кызды сүзүп кетти. Окуя кечээ, 29-октябрда саат 21:00 чамасында болгонун Бишкек шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен 24 жаштагы кыз жеңил жаракат алган. Бул жол кырсык боюнча материалдар ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп, унаа айып аянтчасына токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×