Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 30.10.2018 13:30 На русском

Профилдик комитет Ж.Рустембековдун Тажикстандагы элчилик кызматка талапкерлигин жактырды

Turmush -  Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетине Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматына талапкер болуп жаткан Жаныш Рустембековду тааныштырды.

Комитеттин мүчөлөрү анын талапкерлигин жактырып, ийгиликтерди каалашты.

Буга чейин аталган комитет Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматына талапкерди карай тургандыгы белгилүү болгон.

АКИpress агенттигине белгилүү болгондой, элчилик кызматка Кыргызстандын Түркмөнстандагы азыркы элчиси Жаныш Рустембековдун талапкерлиги каралмак.

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматын Мирослав Ниязов аркалап келет. Депутаттар жакында анын ишмердүүлүгүн сындаган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×