Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Баракелде, Бишкек 10.02.2018 11:49

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы убактылуу жабылат

Turmush -  Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл өткөрүү жайлары убактылуу жабылат. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чектөө Кытай Эл Республикасында Жаз майрамы белгиленгенине байланыштуу Кытай тараптын демилгеси менен киргизилет.

Тактап айтканда, «Торугарт-автожол» менен «Эркеч-Там автожол» көзөмөл өткөрүү жайында 15-февралдан 21-февралга чейин жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат. Көзөмөл өткөрүү жайларынын кызматы 22-февралдан тарта мурунку калыбына келет.

Ал эми, 14-февралда «Эркеч-Там автожол» пунктунда жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү саат 22:00гө чейин болот.

«Торугарт-автожолу» менен «Эркеч-Там автожолу» пункттары 24-февралда күнүмдүк режимде иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×