Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Баракелде, Бишкек 10.02.2018 11:39

Президент С.Жээнбеков Казакстандын элчиси А.Бозжигитовду дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу кабыл алды

Turmush -  Бүгүн, 10-февралда Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Айымдос Бозжигитовду кабыл алды. Жолугушуу элчинин дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу уюштурулду, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Жолугушууда мамлекет башчысы Айымдос Бозжигитовго анын Казакстандын Кыргызстандагы элчиси катары кыргыз-казак мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биздин өлкөлөр дипломатиялык мамилелердин орношунун 25 жылдыгын жана Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы түбөлүк достук жөнүндө келишимине кол коюлгандыгынын 20 жылдыгын белгилешти. Бизди эки тараптуу мамилелердин бекем негизи болгон бир туугандык, жакшы коңшулук ажырагыс байланыштар, тилибиз жана маданиятыбыздын жакындыгы байланыштырып турат. Биз өз ара урматтоо жана пайдалуу кызматташтыктын принциптеринде мамилелерди бекемдөө үчүн бардык аракеттерди көрүшүбүз керек», - деп белгиледи С.Жээнбеков.

Мамлекет башчысы элчи Айымдос Бозжигитовго мындан аркы ишмердигинде ийгиликтерди жана бардык жакшылыктарды каалап, ал дайым Кыргызстанда кадырлуу конок болоорун белгиледи.

Буга чейин Казакстандын Кыргызстандагы элчиси болуп Жамбыл облусунун мурдагы акими Карим Кокрекбаев дайындалганы маалым болгон.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×