Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Баракелде

24 жаштагы кыз Россиядан Бишкекке жасалма паспорт менен учуп келген

Turmush -  «Манас аэропорту» көзөмөл өткөрүү пунктунун чек арачылары кечээ, 8-февралда Россиядан жасалма паспорт менен учуп келген Кыргызстандын жаранын (аял киши) кармашты. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 1994-жылы туулган М.Б. Санкт-Петербург — Бишкек авиакаттамы менен келген.

Текшерүү учурунда ал жалпы жарандык паспортун көрсөтүп, айрым барактары жасалма экени байкалган. Бул факты аныкталып, тиешелүү чара көрүү үчүн УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 941
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×