Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Баракелде

Бишкекте жүргүнчүлөрдү сентябрдан тарта жаңы автобус жана троллейбустар ташып баштайт

Turmush -  Бишкек шаарынын мэриясы сентябрь айында жаңы автобус жана троллейбустарды каттамга кошууну пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда мэриянын коллегиялык отурумунда мэр Албек Ибраимов билдирди.

Ал «Газпромбанктын» долбоору боюнча 300-400 автобус сатып алуу пландалып жатканын белгиледи. «Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз автобустарды линияга сентябрь айында жолдор оңдолгондон кийин чыгарууну пландап жатабыз», - деди мэр.

А.Ибраимов Бишкекте жыл сайын 2700-3000 кичи автобус каттамга чыга турганын кошумчалады. «Алардын саны көбөйгөн жок. Бирок биз Бишкектин жол-транспорт тармагын өнүктүрүүнүн жаңы схемасын иштеп чыктык. Тажрыйбасы бар кызматкерлер менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Москвада жол-транспорт тармагын башкарган интеллектуалдык программа бар. Программанын ичинде видео көзөмөл, кыймылдын аралыгын көзөмөлдөө жана электрондук билет камтылган», - деди ал.

Экологиядагы көйгөйлөргө байланыштуу мэрия электрдик транспортко басым жасап жатат.

«1-июндан тарта 52 троллейбусту ишке берүү пландалууда. Маршруттар сентябрь айынан баштап толугу менен иштеп баштайт. Жолдор, аялдамалар оңдолгондон кийин жаңы транспортту ишке бергибиз келет. Биз тыгындарды, электрондук билет көйгөйүн бир долбоор аркылуу чечкени жатабыз», - деди А.Ибраимов.

Бишкек шаардык мэриянын 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык отуруму

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1406
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×