Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Баракелде

Ак-Босогодо курулуш чарбадан өрт чыгып, 47 жаштагы киши жаракат алды

Turmush -  Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Ак-Босого жаңы конушундагы курулуш чарбадан өрт чыгып, анын кесепетинен 47 жаштагы адам жаракат алды.

ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, өрт кырсык Чүй көчөсүнүн №26 дарегиндеги курулуш чарбада болгон. «Өрттүн кесепетинен 1971-жылы туулган Б.М.Т. денесинен II, III даражадагы күйүк алып, түтүнгө ууланган. Ал тез жардам кызматкерлери аркылуу №4 ооруканага жеткирилди. Өрт учурунда жыгач устундуу шифер жабылган аянты 25 чарчы метр курулуш чарбанын чатыры күйгөн», - деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 392
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×