Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Баракелде

Бишкектеги кафеде депутат, генерал жана ишкер отурган столдун алдынан үн тыңшагыч табылды

Turmush -  Бишкек шаарындагы «Обама» кафесинин администрациясы кафедеги столдун алдына сүйлөшүүлөрдү угуучу жабдыкты андагы кызматкерлер эмес, кардарлардын бири орнотконун билдирди.

Маалым болгондой, «Обама» кафесине кечки тамактануу үчүн барган 3 кардар алар отурган столдун алдынан үндөрдү тыңшоочу жабдык табышкан. Алар — Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын мурунку башчысы, генерал-майор Талантбек Исаев (камактагы Канат Исаевдин бир тууган агасы) жана ишкер Мелис Карыбеков.

Ресторандын жооптуу кызматкери Айгерим Абакирова АКИpress агенттигине бул окуя кечээ, 7-февралда болгонун тастыктады.

«Кандайдыр бир жабдык табышты. Ал эмне экенин так айта албайм, себеби ал эмне экенин билбейм. 3 мейман бар болчу. Мелис байке биздин туруктуу кардар, коноктордун бири Исаев болчу», - деди ал.

Анын айтымында, үн тыңшоочу жабдык табылгандан кийин кафенин имаратындагы видеокамераны карап чыгышкан.

«Жабдыкты биздин кызматкер койгон эмес, кардар койгон. Аларга коңшу столдо отурган киши (эркек киши) тамакка буйрутма берип, жабдыкты ошол калтырып кеткен. Биз алардын көзүнчө милиция кызматкерлерин чакырып, видеокамерадагы материалдарды Биринчи май РИИБдин өкүлдөрүнө өткөрүп бердик», - деди ал.

Видеокамерага түшүп калган кардар кармалганы тууралуу азырынча так маалыматы жок.

Ал эми, милициядан бул маалыматты тастыкташып, арыз ээси Мелис Карыбеков экени белгилүү болду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3827
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×