Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баракелде, Бишкек 08.02.2018 15:26 На русском

Шайлоодо Жээнбековго жакшы иштеген эмес деген шылтоо менен жетекчилерди тазалоо жүрүүдө, - президент

Turmush -  Өткөн шайлоодо жыйынтык көрсөткөн жок же Жээнбековго жакшы иштеген эмес деген шылтоо менен жетекчилерди тазалоо жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Коопсуздук кеңешинин отурумунда президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

«Мен мындай ушактарды угуп жатам. Татыктуулар калып, иштеши керек. Мындай шылтоо менен жакшы адистерди жумуштан бошотуунун кереги жок», - деди ал.

С.Жээнбеков кадр саясаты тууралуу сүйлөп жатып, акыркы 2 жылда райондук деңгээлде 198 жетекчи алмашканын билдирди. Ал айрым кызматкерлер 5-6 айдан кийин кызматынан бошотулса, айрымдары алардын дарегине айтылган сынга карабай 5-6 жыл иштеп жатканын белгиледи.

«Ким коррупцияга аралашса, ага тиешелүү мамиле жасалышы керек. Алар элдин арасында жүрбөшү зарыл. Биз коррупционерлерди тазалап, коррупцияга каршы күрөшүүнү күчөтүшүбүз керек», - деди президент.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×