Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Баракелде

Коррупция боюнча акыркы иликтөө: Кыргызстан 176 өлкөнүн ичинен 136-орунду ээлейт

Turmush -  Өлкөлөрдөгү коррупциянын деңгээлин иликтеген «Транспаренси Интернешнл» (Transparency International) эл аралык уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстан 176 өлкөнүн ичинен 136-орунду ээлейт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-февралда өтүп жаткан Улуттук коопсуздук кеңешинин отурумунда билдирди.

«Жакшы жактагы айрым динамикага карабастан бул көрсөткүч боюнча биздин эл аралык рейтинг төмөн бойдон калууда. Биздин көрсөткүчтү негизинен судьялар, укук коргоо жана көзөмөл органдары төмөндөтүп жатат», - деди өлкө башчы.

Президенттин айтымында, ал эл аралык уюм тарабынан өлкөлөрдө жүргүзүлгөн акыркы социалдык иликтөөнүн жыйынтыгын алган. Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, коррупция менен жумушсуздук коомду өзгөчө чочулаткан маселе болгон.

«Элдин пикири ушундай. Тилекке каршы, коррупцияны тазалоо иши коом күткөндөй жыйынтыкка жете элек», - деди С.Жээнбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 427
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×