Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Баракелде

С.Жээнбеков: Эмнеге жарандардын коопсуздугун камсыздоочулар жансакчылар менен жүрүшөт?

Turmush -  Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жөнүндө ойлоно турган органдар эмне үчүн жансакчылар менен жүрүшөт? Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Коопсуздук кеңешинин отурумунда президент Сооронбай Жээнбеков сурады.

«Сиздер кантип элди коргойсуңар? Сиздер эч кимден коркпой, ачык болушуңуздар керек. Сиздерден коркушу керек, ушундай болуп иштеш керек. Эгер таза болсоңуздар сиздерге эч ким сөз айта албайт. Эмне үчүн облустук деңгээлдеги органдар дагы жан сакчылар менен жүрөсүздөр? Анткени сиздер аралашкансыздар, ошондуктан жансакчылар менен жүрөсүздөр», - деди президент.

Анын айтымында, адамдар укук коргоо органдарына чындыкты табуу үчүн келишет.

«Эгер сиздер баардыгын тиешелүү деңгээлде түшүндүрсөңүздөр алар маалымат алышат. Жарандарды кабыл алуу, кайрылууларын кароо бардык тармактарда, өзгөчө укук коргоо органдарында жана сот системасында чечилбей жатат», - деди ал.

Жээнбеков буга катар эле Мамлекеттик күзөт кызматы президентти, өкмөт башчыны, спикерди жана Жогорку соттун жетекчисин кайтара тургандыгын кошумчалады.

«Менин билишимче премьер-министр менен спикер МАИнин коштоосунан баш тартышкан. Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жөнүндө ойлоно турган органдар эмне үчүн жансакчылар менен жүрүшөт? Адамдар силер бийликтин өкүлү экениңиздерди көрүп турушу керек. Эмне үчүн мен жумуш учурунда кызматтык форма кийүү жөнүндө маселени коюп жатам? Формачан адам элдин арасында жоопкерчиликти сезет. Ал коомдук жайда башаламандык кылып, мыйзамды буза албайт. Эгер унаада кызматтык номур турса ал жол эрежени бузбайт. Ачыктык бардыгына бийлик адамдарынын эмне кылып жаткандыгын көрүүгө жана формачан адамдарды тарбиялоого мүмкүндүк берет», - деди Жээнбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1158
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×