Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 08.02.2018 10:49 На русском

Карим Кокрекбаев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалды (резюме)

Turmush -  Казакстандын Кыргызстандагы элчиси болуп Жамбыл облусунун мурдагы акими Карим Кокрекбаев дайындалды. Бул тууралуу Акорданын басма сөз кызматы билдирди.

«Өлкө башчысынын жарлыгы менен Кокрекбаев Карим Насбекович Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси кызматын аркалаган Аимдос Бозжигитов президенттин тиешелүү жарлыгынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган болчу.

Карим Кокрекбаев 1957-жылы 28-июлда Жамбыл облусунун Чу шаарында төрөлгөн.

Билими:

- Алмата темир жол транспорт институту (1983-жыл), инженер.

Илимий наамы:

- Экономика илимдеринин кандидаты.

Эмгек жолу:

- Чу станциясынын локомотивдик чарба цехинде жардамчы, жетекчинин жардамчысы, ага инженер, Алмата темир жол башкармалыгынын диспетчери, поезддерди түзүүчү, бригадир;

- Сары-Озек станциясынын жетекчисинин орун басары, Алма-Ата-2 станциясынын жетекчиси, Алма-Ата жолдор бөлүмүнүн жетекчиси, Казакстандын транспорт министрлигинин КМШ өлкөлөрүндө кызматташуу координациясы бөлүмүнүн башчысы;

- «Алматыжелдорэкспедиция» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары, «Казакстан темир жолы» ишканасынын коммерциялык иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси, Алмада темир жолунун жетекчиси, «Эл аралык аэропорт» республикалык мамлекеттик ишканасынын башкы директору;

- «Еркин Комек» коомдук фондунун вице-президенти (1998-1999);

- Жамбыл облусунун Мойынкум районунун акими (1999-2000);

- Казакстан Республикасынын жаратылыш ресурстарын жана курчап турган чөйрөнү коргоо министрлигинин вице-министри, «ЭйрКазахстанТур» жоопкерчилиги чектелген шериктештиктин башкы директору, «Казакстан темир жолы» улуттук компаниясынын» ташып өткөрүү процесси боюнча башкаруучу директор, вице-президент (2000-04.2008);

- «Казакстан темир жолы» улуттук компаниясынын» башкы инженери (04.2008-10.2008);

- Жамбыл облусунун акиминин орун басары (29.10.2008-12.2009);

- Жамбыл облусунун акиминин биринчи орун басары (12.2009-12.2013);

- Жамбыл облусунун акими (20.12.2013-01.2018).

Алган сыйлактары:

- «Күрмөт» (казакчасы «Құрмет», 2010-жыл) жана «Парасат» (2015-жыл) ордендери.

Үй-бүлөлүк абалы:

Жубайы: Кисанова Гүлбахыт Омаровна, балдары — уулу Марлен (1978-жылы туулган), кыздары — Молдир (1982-жылы туулган), Самал (1986-жылы туулган), Меруерт (1992-жылы туулган).

Карим Кокрекбаев казак жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×