Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Баракелде, Бишкек 07.02.2018 15:22 На русском

Фото - Бишкек шаардык соту Аида Салянованы мөөнөтүн жылдыруу менен 5 жылга эркинен ажыратты

Turmush -  Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага карата өкүм чыгарды. Жыйынтыгында райондук соттун чечими өзгөртүүсүз калды.

Соттук отурум учурунда Бишкек шаардык сотунун аймагына 100гө жакын адам чогулду. Алардын арасында Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Бахадыр Сулейманов, Наталья Никитенко, Айсулуу Мамашова, Сайдулла Нышанов, «Республика — Ата Журт» фракциясынан Алтынай Өмүрбекова, депутат Жанар Акаев, экс-депутат Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Динара Ошурахунова жана Гүлнара Журабаева, мурунку депутат Өмүрбек Текебаевдин кызы менен жубайы болду.

---------------------------------------------------------

2017-жылы 10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага карата өкүм чыгарган. Өкүмдө депутаттын кичүү кызы 14 жашка толгонго чейин мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга эркинен ажыратуу чарасын токтотуу чечими кабыл алынганы айтылды.

А.Салянованын кичүү кызы 2015-жылдын 18-июлунда төрөлгөн.

Райондук сотто

Мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри, «Ата Мекен» фракциясынан парламенттин депутаты Аида Саляновага 2016-жылдын 26-декабрында кылмыш иш козголгон.

Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук кызматы аны юстиция министри болуп турганда 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин изделип жаткан Алексей Елисеевге жактоочунун уруксат кагазын мыйзамсыз берген деп айыптаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×