Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Баракелде, Бишкек 07.02.2018 15:13 На русском

Бишкектин четинде 2 унаа кагышып, аял киши жаракат алды

Turmush -  Бүгүн, 7-февралда Бишкек шаарынын четиндеги жол-транспорт кырсыктын кесепетинен аял киши жаракат алды. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Субару Легаси» үлгүсүндөгү унаанын 1990-жылы туулган айдоочусу Ж.А. Махатма Ганди көчөсү боюнча түндүккө кетип бара жатып «Хонда Одиссей» менен кагышкан. Аны 1970-жылы туулган А.Н. башкарып бара жаткан. Анын кесепетинен «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаа жолдун четинде турган аялды сүзүп кеткен.

Жаракат алган аял Чүй облустук ооруканасына жеткирилип, унаалар айып төлөөчү жайга токтотулду. Тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×