Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Баракелде

Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерди тасмага тартуу мыйзамсыз деген Ы.Саркулов эскертүү алды

Turmush -  Башкы прокуратура ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын төрагасынын орун басары Ыманалы Саркуловго эскертүү берди.

Бүгүн, 7-февралда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдагандай, аталган эскертүү орун басарга анын Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлерине байланыштуу тартылган сүрөт, тасма алардын уруксатысыз коомчулукка жарыялоого мыйзам тыюу салат, деп айтканына берилген.

«Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлерин иш учурунда сүрөткө, тасмага тартуу жана аны коомчулукка жарыялоого тыюу салуу каралган эмес. Ошондуктан кызмат адамдары мындай билдирүүлөрдү жасоого жол берилбейт», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Ал эми, Башкы көзөмөл органы айдоочуларды, жүргүнчүлөрдү жана жол коопсуздугун тескеген кызматкерлерди бири-бирин сыйлоого жана эрежелерди бузбоого чакырды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2033
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×