Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Баракелде, Бишкек 07.02.2018 12:34 На русском

ЖЭБдеги авария: Бишкектиктер январдагы 5 күнгө жылуулук үчүн акы төлөшпөйт

Turmush -  Бишкек шаарынын тургундарына жылуулук үчүн 5 күндүк төлөм кайра эсептелинет. Бул тууралуу АКИpress агенттигине «Бишкек жылуулук тармактары» ААКтан маалымдалды.

Маалыматта белгиленгендей, жылуулук дүмүрчөгүндө эсептөө 26 календардык күн үчүн жүргүзүлгөнү көрсөтүлөт.

Буга чейин Октябрь районунун бюджетин талкуулоо учурунда «Бишкек жылуулук тармактары» ААКтын өкүлү райондун тургундарына 7 календардык күн — январдагы 5 күн жана февралдагы 2 күн үчүн кайра эсептөө жүргүзүлө турганын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×