Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Баракелде

Бишкекте милиционерге ок аткан шектүү изделип жатат (фото)

Turmush -  Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБдин кызматкерине ок аткан шектүү изделип жатат.

Ички иштер министрлиги милиция кызматкерине ок атууга шектүү катары Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 1986-жылы туулган тургуну Шатманов Тилек Сулаймановичке издөө жарыялады. Буга чейин ал каракчылык, адам өлтүрүүгө аракет жасоо беренелери боюнча кылмышка шектелип изделип жаткан.

Шектүү тууралуу маалымат билген жарандар ички иштер органдарына же 0(312)43-71-75, 0552 91-80-52, 0551 10-24-25 телефон номурларына жана 102 кызматына билдирсе болот. Анонимдикке кепилдик берилет.

Окуя тууралуу

Бишкек шаарындагы Чыгыш-5 кичи районунда милиция кызматкерине белгисиз адамдар ок атып кетишти. Окуя 2-февралда саат 23:30 чамасында болгонун булактар АКИpress агенттигине маалымдашкан.

Жабырлануучу ыкчам чара көрүүчү кызматкер болгон. Ал учурда ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Булактардын билдирүүсү боюнча, саат 23:00 чамасында Ауэзов менен Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде уурулукка шектелген жаш жигит кармалган. Аны милиция кызматкерлери өздүгүн аныктап, тактоо иштерин жүргүзүү үчүн унаа менен Свердлов РИИБге алып жөнөшкөн. Орто жолдон шектүү жигит бутуна байлап алган тапанчаны алып чыгып, милиция кызматкерлерине карата ок чыгарууга жетишкен. Окуядан кийин өзү белгисиз тарапка качып кеткен.

Ок травматикалык тапанчадан атылганы белгилүү болду. Анын кесепетинен биринчи милиционер — А.А. моюн жана ийин тараптан жаракат алган. Ал эми, экинчи милиция кызматкери — Б.Т. жаракат алган эмес.

Шектүүнү кармоо үчүн атайын операция жарыяланып, учурда ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1251
Көп окулду
×