Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Баракелде

Мамлекеттик каттоо кызматына мобилдүү комплекс уюштуруу үчүн 16 кичи автобус берилди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 6-февралда Бишкек шаарында Мамлекеттик каттоо кызматына 16 кичи автобус тапшырылды.

Маалым болгондой, иш-чарага премьер-министр Сапар Исаков, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Есихиро Ямамура жана БУУнун туруктуу координатору Озонниа Ожиело катышты. Автоунаалар БУУнун өнүктүрүү программасынын алкагында өлкөнүн алыскы аймактарына мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча мобилдүү комплекстерди уюштуруу үчүн берилди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоевдин айтымында, аталган кызматтын маалыматтарды иштеп чыгуу борбору дүйнөлүк стандартка ылайыкталып, маалыматтык коопсуздук эске алынган. Учурда мобилдик тейлөө пунктары иштеп жатат.

Ал эми, С.Исаков «Таза коом» программасынын алкагында калкты тейлөө үчүн 363 маалыматтык күркө иштеп жатканын билдирди. Ошондой эле, алыскы аймактардын калкы үчүн шарттар түзүлгөн. «Бардык күчтөр жана каражаттар жарандардын мамлекеттик кызматтарды жеңил колдонуусуна багытталган», - деди ал.

БУУнун туруктуу координатору Озонниа Ожиело «Таза коом» программасы маалыматташтырууга чоң жардам болорун белгиледи. Ал кичи автобустардын документтерин премьер-министрге тапшырды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1474
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×