Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Баракелде

Абактан 1 ай мурун чыккан 3 адам кайрадан кармалды, алар Бишкекте дүкөндөрдү тоноп жүрүшкөн (видео, фото)

Turmush -  Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы дүкөнгө бет капчан кирип, сатуучуларды белгисиз үлгүдөгү тапанча менен коркутуп, 80 миң сом карактап кеткен шектүүлөр кармалды. Окуя 3-февраль күнү саат 23:40та болгон.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, тиешелүү арыз менен дүкөндүн ээси кайрылып, дүкөндү тоноп кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты боюнча Ленин РИИБдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (Каракчылык) негизинде кылмыш иш козгоду.

ШИИБдин жана РИИБдин кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө абактан бир ай мурун бошотулган кылмыштуу топ кармалды. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында каракчылык менен алектенип жүрүшкөн.

Милиция кызматкерлери кармалган кылмыштуу топ аталган дүкөндү тоногонун жана каракчылык боюнча дагы 7 фактыга тиешеси бар экенин аныктады. Шектүүлөрдү текшерүү учурунда алардын жанынан 3 медициналык бет кап, 2 тапанча, 4 уюлдук телефон, белгисиз суюктук куюлган шприц, ошондой эле башка далил буюмдар табылды.

Шектүүлөр буга чейин соттолгону белгилүү болду. Алынган далил буюмдар тиешелүү экспертизаларга жөнөтүлдү. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле, кармалган топтун башка окшош кылмыштарга тиешеси бар же жок экени текшерилүүдө. Аталган топтон жабыр тарткан жарандар Бишкек ШИИБге 0(312) 54-41-84 жана 0778 77-37-37 номурлары аркылуу билдирсе болот.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2232
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×