Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Баракелде

Кыргызстандык спортчулар пенчак силат боюнча Индонезияда өтө турчу мелдешке жөнөп кетишти (фото)

Turmush -  Кыргызстандык спортчулар 8-февралдан 18-февралга чейин Индонезия мамлекетинин борбору Жакарта шаарында пенчак силат боюнча өтө турчу мелдешке жөнөп кетишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга машыктыруучу Бекболсун Советбеков билдирди.

«Индонезиядагы турнир — бул дүйнөлүк сыноо мелдеши. Андан жеңгендер жайкы Азия оюндарына катыша алышат. Биздин мамлекеттен ар кандай салмактагы 8 спортчу катышат. Буга чейин бул спортчуларыбыз мындай мелдешке бир нече жолу катышкан», - деди ал.

Аталган мелдешке катыша турган спортчулардын тизмеси:

- 55 кг салмакта Нуралы Карыбаев;
- 60 кг салмакта Алмаз Замиров;
- 65 кг салмакта Айбек Разыков;
- 75 кг салмакта Бектур Мангиев;
- 90 кг салмакта Шамшедин уулу Асан;
- 50 кг салмакта Михринца Ниязов;
- 60 кг салмакта Каныкей Токтобекова;
- 60 кг салмакта Толгонай Калназарова.

Спортчуларды Кыргызстандын пенчак силат федерациясынын президенти Каныбек Бикбоев, машыктыруучулар Уткир Худаяров, Бекболсун Советбеков коштоп барышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 958
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×