Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Баракелде

Э.Турдалиев Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды

Turmush -  Эдуард Турдалиев Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, анын аталган кызматка дайындалышы жөнүндөгү буйрукка өкмөт башчы Сапар Исаков кол койду. Эдуард Турдалиевди эмгек жамаатка Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиев тааныштырды.

Эдуард Турдалиев жаңы кызматта «Таза коом» долбоорун ишке ашырууну көзөмөлдөйт. Ал буга чейин Майкрософт корпорациясында иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 651
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×