Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Баракелде, Бишкек 05.02.2018 13:47

Кыргызстанда таланттуу футболчулар бар, мен алар менен ойногом, - футбол боюнча дүйнө чемпиону Кристиан Карамбе

Turmush -  Бүгүн, 5-февралда футбол боюнча 1998-жылы Франциянын курамында дүйнө чемпиону болгон Кристиан Карамбе Кыргызстанда таланттуу футболчулар бар экенин билдирди. Ал Бишкекке футбол боюнча дүйнө чемпионатынын кубогун коштоп келди.

«Мен кайрадан Бишкекке келгениме абдан кубанычтамын. Мен бул кереметтүү өлкөгө буга чейин келгем. Бирок бүгүн биринчи жолу кубокту коштоп келдим», - деди ал.

К.Карамбе кубокту алып келе жаткан учак убагында Бишкекке коно албаганына өкүнүп жатканын кошумчалады.

«Буга карабастан биз бул жерге келдик. Ар кандай кыйынчылыктар болду, бирок биз бүгүн Бишкекке сөзсүз келе турганыбызды билгенбиз. Анткени бул жерде футболдун күйөрмандары көп. Сиздер буга татыктуусуздар», - деди ал.

К.Карамбе буга чейин 2013-жылы Бишкекке келип, Легенда кубогу үчүн болгон матчка катышкан болчу. Андан кийин франциялык футболчу «Алай» жана «Абдыш-Ата» командаларында 1 тайм ойногон.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×