Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Баракелде, Бишкек 05.02.2018 12:37

Онлайн: Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын кубогу Бишкекке алынып келди

Turmush -  Бишкек шаарына Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын кубогун алып келген учак конду.

Буга чейин Sport АКИpress булактарына таянуу менен кубокту алып келе жаткан учак аба ырайына байланыштуу кечээ, 4-февралда Алматанын аэропортуна коно албай, Бишкекке бир күн мурун конгонун маалымдаган.

Кубокту футбол боюнча дүйнөнүн 1998-жылдагы чемпиону Кристиан Карамбе алып келди.

Кубок Бишкек шаарына трофи-турдун алкагында алынып келди. Уштуруучулар билдиргендей, дүйнөлүк чемпионаттын кубогунун трофи-туру 9-сентябрда Россиянын Москва шаарында башталган.

«Ал 50дөн ашык өлкөгө барат. Россиянын 24 жерине, Владивостоктон баштап Калининградга чейин өлкөнүн бардык аймагына көрсөтүлөт. Кубок коюлган жерге кирүү акысыз болот. Накта алтындан жасалган, салмагы 6,142 кг болгон кубокту кармоого тыюу салынган. Аны дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү жана өлкө башчылары гана кармоого укуктуу. 2017-жылдын сентябрынан баштап декабрь айына чейин ал Россиянын 15 шаарына, андан кийин январь айынан баштап 50дөн ашык мамлекетке барат. 2018-жылдын май айында ал кайрадан Россияга алынып келип, дагы 9 шаарды кыдырат. Тур Москва шаарында дүйнө чемпионаты башталарда жыйынтыкталат», - дешкен уюштуруучулар.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×