Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Баракелде

Футбол боюнча дүйнө кубогун алып келе жаткан учак Бишкекке коно албай, Алматага учуп кетти

Turmush -  Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын кубогун алып келе жаткан учак Бишкек шаарына коно албай, Алматага учуп кетти.

Маалым болгондой, учак бүгүн, 5-февралда эртең менен Алматадан Бишкекке чыккан. Бирок аба ырайына байланыштуу Бишкектеги аэропортко коно алган жок. Жыйынтыгында Алматадагы аэропортко кайтып баруу чечими кабыл алынды.

Буга чейин кубок Алмата шаарына алынып барган. Бирок сыйлыкты алып бара жаткан учак туманга байланыштуу Алматага коно албай Бишкекке конгон болчу. Кийинчерээк Алматага конууга уруксат берилгенде учак Бишкектен учуп кеткен.

http://static-2.akipress.org/127/.storage/runews1/images/2018february/4a1c30916aa42ca190f80d45b13acffb.jpg

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2815
Көп окулду
×