Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Баракелде

Нарында абанын түнкү температурасы -27 градуска жетет, - 5-февралга карата аба ырайы

Turmush -  Эртең, 5-февралда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында туман түшүшү мүмкүн, деп билдирди Кыргызгидромет. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө
түнкүсүн -7...-12
күндүз 0...-5

Талас өрөөнүндө
түнкүсүн -12...-17
күндүз 0...-5

Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн -5...-10
күндүз 0...+5

Баткен облусунда
түнкүсүн -5...-10
күндүз 0...+5

Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн -9...-14
күндүз -2...+3

Нарын облусунда
түнкүсүн -22...-27
күндүз -7...-12

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -8...-10 градус, күндүз 0...-2 градус болот. Ош шаарында абанын температурасы түнкүсүн -6...-8 градус, күндүз +1...+3 градус болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 832
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×