Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Баракелде, Бишкек 11.01.2018 15:25

Көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт, - 12-январга карата аба ырайы

Turmush -  Эртең, 12-январда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Айрым аймактарда кар катуу жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүп, жолдор тоңголок жана тайгак болот. Тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө
түнкүсүн -6...-11
күндүз -1...-6

Талас өрөөнүндө
түнкүсүн -7...-12
күндүз -1...-6

Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн -3...-8
күндүз -3...+2

Баткен облусунда
түнкүсүн -2...-7
күндүз -3...+2

Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн -6...-11
күндүз -4...+1

Нарын облусунда
түнкүсүн -20...-25
Күндүз -11..-16

Бишкек жана Ош шаарларында күндүз мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -7...-9 градус, күндүз -2...-4 градус болот. Ош шаарында абанын температурасы түнкүсүн -5...-7, күндүз 0...+2 градус болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×