Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Баракелде, Бишкек 11.01.2018 20:23

«Манас» эпосун жайылтууга салым кошкондор өкмөттүн сыйлыгын алышты (фото)

Turmush -  Премьер-министр Сапар Исаков 10-январда «Манас» эпосун жайылтууга кошкон салымы үчүн бир катар адамдарга өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды. Өкмөт башчы кыргыз элинин маданий салттарын, «Манас» эпосун сактоо, ошондой эле аны иликтөө үчүн зарыл шарттарды түзүү ар дайым өлкөнүн мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары эсептеле турганын белгиледи.

«Сиздерге «Манас» эпосун жайылтуу боюнча демилгеңиздер үчүн ыраазычылык билдирип кетким келет, бул жалпыбыз үчүн абдан маанилүү иш. Өкмөт сиздердин демилгеңиздерге бардык зарыл колдоо көрсөтүүгө даяр. Жаңы жылда сиздерге жаңы чыгармачылык ийгиликтерди жана бакубаттыкты каалайм», - деди Сапар Исаков.

Премьер-министр кошумчалагандай, бүгүнкү күнгө карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан «Манас» эпосун мындан ары өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча бир катар иш-чаралар пландаштырылган.

Улуттук маданиятты өнүктүрүүгө, кыргыз элинин рухий жана маданий баалуулуктарын сактоого жана чыңдоого, «Манас» эпосун жайылтууга кошкон салымы үчүн өкмөттүн ардак грамотасы менен сыйлангандар:

- Ибраев Саматбек Кулукеевич – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси, «Саякбай манасчы» эл аралык фондунун президенти;

- Аманова Кундузкан Козубаевна – КТРКдагы «Манас таануу» теледолбоорунун продюсери;

- Окенова Ырыс Океновна – КТРКдагы «Манасчы» теледолбоорунун жетекчиси;

- Орозобекова Жылдыз Калмашевна – манас таануучу, профессор;

- Урмамбетов Догдурбай Үсөнович – музыкант, «Саякбай» ырынын музыкасынын автору;

- Эгембердиева Аида Абдыжапаровна – акын, «Саякбай» ырынын сөзүнүн автору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×