Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баракелде

Бишкекте башаламан токтотулган унааларды тазалоо башталды

Turmush -  Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы Бишкек шаарында уруксат берилбеген жерге токтотулган унааларды эвакуациялоону баштады.

Аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдиргендей, мажбурлап эвакуациялоо кызматын ишке ашыруу сынагын «Портал групп» ЖЧКсы утуп алды. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, ишкананын түзүүчүсү жана жетекчиси — Барыктабасов Кубанычбек Эшенович.

ЖКККБ транспорт каражаттары айдоочулар унааларын талапка жооп бербеген жерге токтоткон учурда эвакуацияланарын эскертет. Автоунаалар 7.21 «Эвакуатор» жол белгиси коюлган жерлерде эвакуация кылынат. Белгилер унаа жолдун көйгөй жараткан тилкелерине, соода борборлорунун жанына, транспорт каражаттарынын өтүүсүнө тоскоолдук жараткан жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерлерге коюлат.

эвакуатор

Маалыматта белгиленгендей, эвакуацияланган унааларды көчүрүү жана сактоого кеткен чыгым административдик эреже бузган жаран тарабынан төлөнөт. Унаа ээлери кызмат үчүн 1350 сом төлөп бериши керек.

2015-жылы Бишкек ШИИБдин Патрулдук милиция кызматы транспортторду мажбурлап эвакуациялоону баштаган. Бирок ушул эле жылдын ноябрь айында бул аракет токтоп калган. Аталган кызматтын атайын техникасы жок болгондугуна байланыштуу жеке ишкана («Аргымак») менен келишим түзүлгөн. Айдоочулардан даттануу түшкөндөн кийин келишим бузулган болчу.

«Портал групп» ЖЧКсы мажбурланып эвакуацияланган транспорт каражаттарын жеткирип берүү менен алектенет. Компаниянын бекитилген камсыздандыруу полисине ылайык, транспортту көчүрүүдө мүлккө зыян келсе камсыздандыруучу компания унаанын ээсине келтирилген чыгымды төлөп берет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2666
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×