Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баракелде

Шашылыш билдирүү: 11-12-январда көпчүлүк аймакта кар жаап, тоолуу аймактарда кар күрткү түшүүсү мүмкүн

Turmush -  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-12-январда аба ырайы өзгөрө турганын эскертет.

Эртең, 11-январда эртең менен, күндүз жана 12-январда мезгил-мезгили менен кар жаап, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын каттуу жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз -1…-6° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -9…-14°, күндүз -1…-6° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -27…-32°, күндүз -9…-14° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда мал кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1726
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×