Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Баракелде, Бишкек 09.01.2018 16:15

Эми кыргызстандыктар биометриялык жалпы жарандык паспорт алышат

Turmush -  Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылдан тарта Кыргызстандын жарандарына биометриялык жалпы жарандык паспортторду берүүнү пландап жатат. Бул маалыматты ведомствонун басма сөз кызматы таратты.

Биометриялык технологияны колдонууну жайылтуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында жалпы жарандык биометриялык паспортторду даярдоочу жабдуулар сатылып алынган.

Биометриялык жалпы жарандык паспорттор документтердеги коопсуздукту күчөтүү, жасалма документтерди даярдоо жана Кыргызстандын элин документ менен камсыздоо системасына эң алдыңкы технологияларды киргизүү максатын көздөйт.

Жалпы жарандык паспорттордун учурдагы үлгүсү

Паспорт

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×