Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-апрель
Баракелде

Шашылыш билдирүү: 11-12-январь күндөрү мезгил-мезгили менен кар жаап, жолдор тайгалак болот

Turmush -  Бүгүн, 9-январда айрым тоолуу райондордо бир аз кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

11-12-январь күндөрү мезгил-мезгили менен кар жаап, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Унаа жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүлөр жаралат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз -1…-6° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -9…-14°, күндүз -1…-6° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -27…-32°, күндүз -9…-14° суук болушу мүмкүн.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда мал кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1542
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×