Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Баракелде

Премьер С.Исаков Артем Новиков, Кубанычбек Кулматовго сөгүш жарыялап, аппараттын кызматкерлерин жумуштан бошотту

Turmush -  Премьер-министр Сапар Исаков «Москва шаарында 2017-жылдын 11-апрелинде кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун даярдоодо тапшырылган милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн бир катар кызмат адамдарына сөгүш жана катуу сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Буйрукка ылайык, сөгүш экономика министри Артем Новиковго, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго жарыяланды.

Ал эми, экономика министринин орун басары Баккелди Түмөнбаевге, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Ниязалиевге катуу сөгүш жарыяланды.

Мындан тышкары, Өкмөттүн аппаратынын бир катар кызматкерлери милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн кызматынан бошотулду.

2017-жылдын 30-декабрында Жогорку Кеңештин кезексиз отурумунда депутаттар «Москва шаарында 2017-жылдын 11-апрелинде кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» мыйзамга президенттин каршылыгын карашкан.

Аталган мыйзам 2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимдин күчүнө киришине зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Отурумда вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев аталган мыйзам расмий жарыяланганына 15 күн болгондон кийин күчүнө кирерин билдирген. Буга байланыштуу анын нормалары 2018-жылдын 15-январынан баштап иштейт.

«Бирок ЕАЭБге мүчө болгон бардык өлкөлөрдө ЕАЭБдин Бажы кодекси тууралуу келишим 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет», - деген Д.Кенекеев парламенттен аталган мыйзамга оңдоо киргизүүнү суранган.

Депутаттар талкуунун жүрүшүндө «Москва шаарында 2017-жылдын 11-апрелинде кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорунун күчүнө кирүү убактысын белгилөөдө ката кетирген бийлик өкүлдөрүнүн жоопкерчилик маселесин кароо зарылдыгын белгилешкен.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2403
Көп окулду
×