Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 08.01.2018 10:07

Фото, видео - №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун ишине нааразы болгондор министрликтин алдына чогулду

Turmush -  Бүгүн, 8-январда Бишкектеги №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун ишмердүүлүгүнө нааразы болгон жашоочулар саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына чогулушту. Чогулгандар министр Талантбек Батыралиевден аталган борбордун башчысы Айдарбек Шакировду ээлеген кызматынан бошотууну талап кылууда.

Нааразы болгон тарап менен министрдин кеңешчиси Руслан Амираев жана министрдин жардамчысы жолугуп, аларды министрликтин жыйындар залына киргизишти. Ал жерде министр менен жолугушуу уюштурулду.

Министр Т.Батыралиевдин айтымында, Айдарбек Шакиров КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 83-беренесиндеги 11-пункттун негизинде (мекеменин жетекчиси эмгек милдеттерин аткаруудагы одоно мыйзам бузуу) негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Ага Ленин районунун прокурорунун 2017-жылдын 22-декабрындагы жана коррупцияны эскертүү боюнча комиссиянын 2017-жылдын 30-декабрындагы чечими негиз болду.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×