Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Баракелде, Бишкек 08.01.2018 08:12 На русском

Вице-премьер-министр кызматына Санжар Муканбетовдун талапкерлиги каралат

Turmush -  Премьер-министр Сапар Исаков вице-премьер-министр кызматына Муканбетов Санжар Турдукожоевичтин талапкерлигин сунуштады. АКИpress агенттигине маалым болгондой, анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укук маселелери боюнча комитетинин 9-январдагы отурумунда каралат.

Вице-премьер-министрдин кызматы Толкунбек Абдыгулов кайрадан Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалгандан бери бош турат.

Ал эми, С.Муканбетов учурда Финансы базарын көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп эмгектенип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×