Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баракелде

Бишкекте поезддин алдында калып каза болгон кишинин өздүгү аныкталды

Turmush -  Милиция кызматкерлери Бишкек шаарында поезддин алдында калып каза болгон эркек кишинин өздүгүн тактады. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 12-декабрында Бишкек-2–Бишкек-1 станциаларынын ортосунда азиат түспөлүндөгү эркек киши жүк ташуучу поезддин алдында калган. Поезд аралык жакын болгондуктан токтой алган эмес.

Анын кесепетинен болжол менен 25-30 жаштагы эркек киши каза болгон. Анын жансыз денеси Бишкектеги Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун өлүкканасына жеткирилген.

Милиция кызматкерлери каза болгон адам Чүй облусунун Москва районунун 1987-жылы туулган тургунуТ.Нурбек экенин аныкташты. Аталган факты боюнча экспертиза дайындалды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2400
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×