Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Баракелде

Бишкекте унаасына B 0001 W жасалма номурун тагып жүргөн айдоочу кармалды (видео, фото)

Turmush -  Бишкекте жасалма мамлекеттик номур тагып жүргөн «Мерседес-Гелендваген» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ЖКККББдын Бишкек шаары боюнча издөө бөлүмүнүн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө унаасына жасалма мамлекеттик номур (B 0001 W) тагып жүргөн айдоочу — 1986-жылы туулган К.К. кармалды.

госномер

Унаа айып төлөөчү жайга токтотулуп, жасалма мамлекеттик номур алынды. Ал эми айдоочуга Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 224-беренесинин 4-бөлүгү боюнча протокол түзүлдү.

Буга чейин Бишкек шаарындагы кичи райондордун биринде окшош мамлекеттик номур тагып жүргөн 2 унаанын видео тасмасын «Репортер» басылмасы жарыялаган болчу.

Кийинчерээк B 0001 W мамлекеттик номурунун бири жасалма экенин Мамлекеттик катоо кызматынан билдиришкен.

Маалыматка караганда, B 0001 W мамлекеттик номуру «Лексус 570» үлгүсүндөгү унаага катталган. Ал эми, «Mercedes-Benz G-Class» үлгүсүндөгү унаанын номурдук белгиси жасалма болгон. Эки унаа тең бир адамга таандык.

224-статья

Айдоочунун жасалма мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен транспорт каражатын айдоосу эсептешүү көрсөткүчтүн жасалма мамлекеттик каттоо номердик белгисин алып коюу менен эсептешүү көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5302
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×