Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Баракелде

Түнкүсүн айрым аймактарда кар жаайт, - 6-январга карата аба ырайы

Turmush -  Эртең, 6-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым аймактарында кар жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө
түнкүсүн -3...-8
күндүз -2...+3

Талас өрөөнүндө
түнкүсүн -7...-12
күндүз -2...+3

Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн 0...-5
күндүз +4...+9

Баткен облусунда
түнкүсүн 0...-5
күндүз +4...+9

Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн -6...-11
күндүз -2...+3

Нарын облусунда
түнкүсүн -15...-20
күндүз -6...-11

Бишкек жана Ош шаарларында 6-8-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -3...-5 градус, күндүз +0...+2 градус болот. Ош шаарында абанын температурасы түнкүсүн +0...-2 градус, күндүз +5...+7 градус болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 731
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×