Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баракелде

Депутат Канат Исаев 12 жылга кесилди (видео, фото)

Turmush -  Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кечээ, 4-январда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев жана башка соттолуучулардын кылмыш ишин кароо жыйынтыкталды. Отурумга төрагалык кылган Абдуразак Боромбаев саат 20:34тө өкүм менен тааныштырып баштады.

Жыйынтыгында Канат Исаев коррупция беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркинен ажыратылды. Ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөмөй болду.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочулар К.Исаевди 20 жылга, ал эми калган соттолуучуларды 9 жылдан баштап 18 жылга чейин эркинен ажыратууну сураган болчу.

- Болот Имамадиев жана Мирлан Эсенбеков коррупция беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылды. Алар жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт.

- Бактыбек Асагалиев, Любовь Чудинова, Алмаз Сейталиев жана Каныбек Абдабековго 221-берене боюнча өкүм кылынып, бирок кылмыштын мөөнөтү эскиргенине байланыштуу аларга карата козголгон иш токтотулду.

К.Исаевге карата 2010-жылдагы убактылуу өкмөттүн декрети (токтом) колдонулуп жана мөөнөтү 1/4 кыскартылды. М.Эсенбеков жана Б.Имамадиевге да ушул эле декрет колдонулуп, бирок ар биринин мөөнөтү 1/3 кыскартылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2582
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×