Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баракелде

Бишкекте мас абалдагы киши милиционерге бычак сайды

Turmush -  Бишкек шаарында мас абалдагы эркек киши милиция кызматкерине бычак сайды. Бул тууралуу кечээ, 4-январда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шаардын кичи райондорунун биринин тургундары милициянын бөлүмүнө 4-январь күнү саат 19:30 чамасында көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнө белгисиз адамдар кирип, спирт ичимдиктерин ичип жана коомдук тартипти бузуп жатканын билдиришкен.

Тургундар атаган дарекке шаардык бөлүмдүн участкалык милиция кызматкери, милициянын майору М.Н. барган. Жер төлөнү текшерүүдө жергиликтүү милиция бөлүмүндө, ошондой эле Республикалык психикалык ден соолук борборунда каттоодо турган 1966-жылы туулган Ф.А. кармалган. Ал сүйлөшүү учурунда бычак алып чыгып, милиция кызматкеринин ичине сайып жиберген.

Ф.А. Октябрь РИИБге жеткирилип, милиция кызматкери шаардык ооруканага жаткырылды. Кармалган адам мас абалында экени аныкталды.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 28-340-беренелеринин (Кылмыш далалаты, укук коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу) негизинде кылмыш иш козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2048
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×