
Turmush - Бишкектин Свердлов райондук соту 2017-жылдын 7-декабрында социалдык түйүнгө жарыялаган маалымат боюнча иш козголгон жаранга карата өкүм чыгарды. Жогорку соттун басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, И.Т. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесиндеги 1-бөлүм (улуттар аралык, диний, расалык жана аймактар аралык кастыкты козутуу) менен күнөөлүү деп табылды.
Жыйынтыгында 4 жылдык мөөнөттөгү жазаны түзөтүү абагында күчөтүлгөн режимде өтөө чечими кабыл алынды.
Буга чейин айыпталуучу — «С.Радонежский жана Улуу Манас атындагы укук коргоо борбору» ЖЧКнын башкы директору укук коргоо органдары тарабынан 2017-жылдын 25-майында кармалганы маалым болгон. Ал социалдык тармак аркылуу этникалар арасындагы кастыкты козутуу багытындагы жарыясы үчүн кармалган. Анын негизинде тиешелүү берене менен кылмыш иш козголуп, тергөө иштери жүргүзүлдү.