Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Баракелде

Көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт, - 5-январга карата аба ырайы

Turmush -  Эртең, 5-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарында кар жаашы мүмкүн. Айрым аймактарда туман түшөт, деп маалымдайт Кыргызгидромет. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө
түнкүсүн -4...-9
күндүз -2...+3

Талас өрөөнүндө
түнкүсүн -4...-9
күндүз -3...+3

Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн 0...-5
күндүз +1...+6

Баткен облусунда
түнкүсүн 0...-5
күндүз +1...+6

Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн -5...-10
күндүз -2...+3

Нарын облусунда
түнкүсүн -18...-23
күндүз -7...-12

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -6...-8 градус, күндүз +0...-2 градус болот. Ош шаарында кар жаап, туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -2...-4 градус, күндүз +2...+4 градус болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 681
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×