Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Ырчы Клара Алибекованы видеого тарткан милиционерлерге тиешелүү фактылар аныкталган жок

Turmush -  Ырчы Клара Алибекованы видеого тарткан милиция кызматкерлер такталып, бирок фактылар аныкталган жок. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда АКИpress агенттигине ИИМден билдиришти.

Такталган маалымат боюнча, ырчы К.Алибекова жардам сурап кайрылган 3 милиционер Бишкек ШИИБдин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери экени аныкталды.

«Кызматтык териштирүүнүн жүрүшүндө алар ырчыга жардам көрсөтпөстөн унаадан түшүрүп койгону аныкталган жок. Ошондой эле, ырчыга белгисиз эркек киши кол салып, зордуктоого аракет кылганы тууралуу маалымат такталган эмес. Окуя болгон убакта К.Алибекованын жанында болгон жигиттин өздүгү такталып, суракка алынды», - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин акыйкатчы Кубат Оторбаев милиция кызматкерлеринин үстүнөн арызданып жаткан ырчы Клара Алибекова менен жолукканы маалымдалган. Жолугушуунун жүрүшүндө ырчы милиция кызматкерлери менен болгон окуя тууралуу кенен айтып берди.

Анын айтымында, ага мас абалдагы эркек киши кол салып, зордуктоого аракет кылган. Ал качып чыгууга жетишип, милиция кызматкерлерине кайрылган. Бирок укук коргоо кызматкерлери жабырлануучуга жардам бергендин жана күнөөлүү адамды кармоонун ордуна аны видеотасмага тартып, орунсуз суроолорду беришкен.

«Аталган факт боюнча Акыйкатчы институту ИИМдин жетекчилигине ал кызматкерлерди аныктап жана алардын жүрүм-турумуна моралдык-этикалык, юридикалык жактан баа берип, ошондой эле зордуктоого аракет кылуу фактысына калыс тергөө жүргүзүү боюнча тиешелүү кат жөнөтөт», - деп айтылат маалыматта.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1034
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×