Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Өмүрбек Текебаев СИЗО-1 мекемесине которулду

Turmush -  Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев СИЗО-1 мекемесине которулду. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Эл өкүлү буга чейин УКМКнын тергөө изоляторунда камакта болчу.  

Окуя туралуу:

2017-жылы 2-октябрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөн Чотоновго козголгон ишти караган процесс улантылган. Отурумдун аягында соттук коллегия райондук соттун чечими күчүндө калтырылганын билдирди. 

Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөн Чотоновго карата 16-август күнү чыгарылган өкүм менен тааныштырган. Райондук сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновго 3 жылга чейин мамлекеттик кызматта эмгектенүүгө тыюу салып, мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыраткан болчу.

2017-жылы 25-февралда Башкы прокуратура «Альфа Телеком» компаниясынын башкармалыгынын курамына кирүү үчүн депутатка 1 млн доллар бергенин айткан россиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин арызынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-берененин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттары (алдамчылык) менен кылмыш иш козгогон. 

Ө.Текебаев 26-февралга караган түнү Европадан Стамбул аркылуу учуп келгенде «Манас» аэропортунан кармалып, камакка алынган болчу. Бул иш боюнча Кыргызстандын Түштүк Корея жана Вьетнамдагы мурунку элчиси Дүйшөнкул Чотонов дагы 27-февралда камакка алынган.

Ө.Текебаевдин кайсы мүлктөрү конфискацияланат?

АКИpress агенттиги Өмүрбек Текебаевдин конфискациялана турган мүлктөрүнүн тизмесин анын мүлкүн камакка алуу тууралуу 2017-жылдын 15-мартында чыгарылган токтомдун негизинде жарыялады.

Тизме:

- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Жараке айылынын Ж.Үсөнов көчөсүндөгү №30 даректе жайгашкан жер тилке, Ө.Текебаевге катталган;

- Бишкек шаарынын Ж.Бөкөнбаев көчөсүндөгү №111 үйдөгү 24-батир, жубайы Айгүл Текебаевага катталган;

- Бишкек шаарынын Ж.Бөкөнбаев көчөсүндөгү №111 үйдөгү №12 унаалар токтоочу жай, жубайы Айгүл Текебаевага катталган;

- Бишкек шаарынын Баетов көчөсүндө жайгашкан №74 үйдөгү 19-батир, жубайына катталган;

- Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсүндө №402 даректе жайгашкан турак жай эмес имарат жана жер тилке, жубайына катталган;

- Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Орто-Сай айылынын Балык-Кумар көчөсүнүн №46 дарегиндеги жер тилке, жубайына катталган;

- Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Арал айылында Чычкан көчөсүндө жайгашкан турак жай эмес имарат жана жер тилке, жубайына катталган;

- 1995-жылы чыгарылган «ГАЗ-31029» үлгүсүндөгү унаа, Ө.Текебаевге катталган;

- 2005-жылы чыгарылган «Тойота РАВ4» үлгүсүндөгү унаа, жубайына катталган.

Ошондой эле, 2006-жылы чыгарылган Toyota 4Ranner үлгүсүндөгү унааны камакка алуу тууралуу токтом бар. Ал Чотоновдун наамына катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1513
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×